• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

“Асман Эйрлайнстын” учагы Бишкек – Баткен багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бишкек – Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учактын алгачкы каттамын Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер салтанаттуу тосуп алышты.

Ички каттамдар боюнча учуп жаткан учак бүгүндөн тарта Баткен облусуна уча баштады. Жаңы учак менен Баткенге 80 жүргүнчү келди. Мындан ары бул учак жуманын шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт.

“Ата мекендик авиакомпаниянын ишке кириши, мамлекеттик учактын каттамга коюлушу, авиакаттамдардын көбөйүшү менен билет бааларынын арзандашын шарттап, Бишкектен миң чакырым алыстыкта жайгашкан Баткен облусунун элинин муктаждыгын жеңилдетти”, - деп белгилешти өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий