• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардагы көйгөйлөр талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова шаардагы муниципалдык мектеп менен бала бакчалардын жетекчилерин кабыл алып, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда билим берүү мекмелеринин жетекчилери жылуулук, парта менен отургучтардын эскилиги, суу түтүктөрүн алмаштыруу, ашкана, балдар ойноочу аянтчалар жана спорт зал көйгөйлөрүн көтөрүп, чечип берүүнү суранышты.

Вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова айтылган көйгөйлөрдү 2023-жылы жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп, чечип берүүгө аракет көрүлөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий