• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда азык-түлүктөрдү арзан баада сатуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында азык-түлүктөрдү арзан баада сатуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы муниципалдык базарда биринчи сорттогу ундун баасы 1650 сом, өсүмдүк майынын беш литри 525 сом, кумшекердин кг 75 сом, уй этинин кг 450 сом, картошканын кг 35 сом, пияздын кг 45 сомдон сатылып жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясы жарандарды муниципалдык базарга келип, керектүү азыктарды жана буюмдарды арзан баада алып кетүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, мындай арзандатуу күн сайын улантылат. Муниципалдык базар Курманбек көчөсү 8 дарегинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий