• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда дүйнө чемпионун тосуп алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен дүйнөлүк чемпионаттан биринчиликти жана байгелүү орундарды багындырган спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Маалыматка ылайык, «Белбоо күрөшү» боюнча биринчилик Татарстандын Казань шаарында 28-31-октябрь күндөрү өткөрүлгөн. 75 кг салмак чен бирдигинде ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Ирлан Казбек уулу 1-орунду багындырып, кыргыздын желегин бийик көтөрүп, өлкө гимнин жаңырткан.

Спортчуларды тосуп алуу аземине КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары Марат Масиркулов, ИИМдин «Шумкар» АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири милициянын полковниги Равшан Кожобеков, машыктыруучулар, спортчулардын кесиптештери жана жакын туугандары катышты.

Иш-чара учурунда спортчулардын ийгиликтери облус үчүн чоң жетишкендик экендиги белгиленди. Аларга мындан ары да жогорку ийгиликтерди багындыруу тилектери айтылып, бир катар сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий