• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Германиянын элчиси Моника Иверсен биринчи сапарын Нарындан баштады

Аймак 0

Бишкек,17.0518. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 17-майында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар ортосундагы кызматташуулар жана Нарын облусунун приоритеттүү долбоорлору боюнча пикир алышуу болду.

Элчи айым 2018-жылдын март айынан тарта расмий түрдө кызматка киришкенин маалымдады. Аймактарды кыдыруу менен Кыргызстан боюнча кенен маалымат алуу мүмкүн экенин белгилеп, биринчи сапарын Нарын облусунан баштаганын билдирди.

Моника Иверсен айымдын билдирүүсүндө Германия өлкөсү облустун бир нече тармактарында көмөк көрсөтүп келет. Билим берүү тармагында жакшы жетишкендиктер бар. Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясына жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары немец тилин эң жакшы деңгээлде өздөштүргөнүн билдирип, 2 күндүк иш сапарында аталган окуу мекемелеринде болоорун айтты. Андан соң Нарын облусунун приоритеттүү багыттары жана жаштар маселеси, тартиптеги тикелей башкаруу бийлик боюнча маалымат алды.

А.Кайыпов облуста региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында өндүрүштү колдоого алуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытында 30дан ашык бизнес долбоорлор иштелип чыкканын маалымдап, ички, тышкы инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Жаштардын көпчүлүк бөлүгү кичи мекенинде эмгектенип, облустун экономикасына салымдарын кошуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, облустун айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү, райондордун өнүктүрүү программалары боюнча маалымат берди. Облус башчы тоолуу облустун шартына жараша ишке ашырылган долбоорлорго колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Германия элчилигине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий