• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде 7 миңге жакын адам ишембиликке чыкты

Аймак 0

Бишкек, 23.03.19. /Кабар/. Баткен облусунда 7 миңге жакын адам ишембиликке чыкты.

Кыргызстан боюнча жүргүзүлүп жаткан айлананы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында бүгүн 23-мартта Баткенде ишембилик өткөрүлүп, ага мамлекеттик мекеме, ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышкан.

Ишембиликте арыктар тазаланып, бактар акталып, таштандылар чыгарылган. Ошондой эле, бактардын көчөттөрү, гүлдөр отургузулган.

Пикир

Оставить комментарий