• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Ысык-Көлдө “Автоураган” иштөөдө. Одоно эреже бузган 29 унаа кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө “Автоураган” аппараттык-программалык комплексинин жардамы менен одоно жол эрежесин бузган 29 унаа кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 автоунаа издөөдө жүргөн, алты айдоочу айып пулду убагында төлөгөн эмес жана 20 автоунаанын каттоосу убактылуу токтотулгандыгы аныкталган. Алардын баары айып короосуна токтотулган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 2-июлунан тарта Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Автоураган” аппараттык-программалык комплексси ишке киргизилген. Башкы максат жайкы туристтик мезгил учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Аталган комплекс Ысык-Көлдүн курорттук аймактарында туристтик мезгил аяктаганга чейин жол кырсыктарын алдын-алуу багытындагы кызмат алып барат.

Пикир

Оставить комментарий