• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азербайжандагы сынакка катышып келген жаш куткаруучулар сыйланды

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Азербайжанда өткөн “Жаш куткаруучулардын” эл аралык мелдешинде Кыргызстандын атын татыктуу коргоп келген сыймык ээлерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, жогорку даярдык менен өлкөнүн туусун бийик көтөрүп, куткаруучулук кесипти даңазалап келген мыктылар бүгүн министрликтин кызматкерлери тарабынан өзгөчө шаң менен алкоого алынышты.

Министр Бообек Ажикеев алгач жаш куткаруучулардын эмгеги менен жеткен жеңиши үчүн ыраазычылык билдирип, балдардын аракетин жогору бааларын, министрлик бардык тараптан колдой тургандыгын билдирди.

Ошондой эле балдардын ата-энелерине да колдоо көрсөтүп, келечек ээлеринин элдик уул болушуна жол көрсөтүп, үлгү болгондоруна рахматын айтты.

Чет мамлекетте сыймык жаратып, көздөрүндө мекенчилдик сезим менен кубаныч толуп турган жаш куткаруучуларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аскердик – жарандык кызматташтыкты чындагандыгы үчүн медалы, ал эми машыктыруучуларга I, II даражадагы мыкты аскердик кызматы үчүн медалдары тапшырылды.

Белгилей кетсек, 23-июндан 3-июлга чейин Азербайжандын Габала шаарында өткөн "Жаш куткаруучу" балдардын эл аралык мелдешинде Кыргызстандын атынан барган команда 2-орунду ишенимдүү түрдө багындырган.

Мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекистан, Пакистан, Казакстан мамлекеттери катышкан.

Пикир

Оставить комментарий