• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто коммуналдык түтүктөрдү алмаштыруу иштерин тездетүү тапшырмасы берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жылуулук мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктарды текшерип, Курманжан-Датка менен Ленин көчөлөрүн кыдырып, коммуналдык кызматтар тарабынан жер астындагы түтүктөрдү алмаштыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэр алгач Курманжан датка менен Кыргыз көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде, "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун "Ошгаз" көмөк чордону тарабынан узундугу 550 метр газ түтүгүн алмаштыруу иштердин жүрүшүн көрүп чыкты.

Ошондой эле узундугу 330 метрди түзгөн магистралдык жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын 1-этабынын жүрүшүн көрүп, оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын тездетүү талабын койду.

"Түтүктөрдү алмаштыруу иштери өтө жай жүрүп жатат. Иш процессин тездетүү үчүн керектүү чараларды көрүү абзел. Зарылчылыгына жараша эки же үч сменада иштегей турган кошумча жумушчулардын тобу тартылсын. Жарандар жаралган жагдайдан улам ыңгайсыздыкка кабылбашы керек. 5-октябрь – Шаар күнүнө карата бардык иштерди бүткөрүү зарыл", - деди мэр.

Калаа башчысы, "Ош шаардык жолдору" муниципалдык ишканасынын адистерине жол иштерине тиешелүү уруксат кагаздарын берүүдө жумуш процессин үч нөөмөт менен жүргүзүүнү милдеттендирди.

Жетигенов андан ары Ленин көчөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында, курулуш компаниялардын бири тарабынан СХТ-1 откананын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын абалы менен таанышып чыгып, бул жерде да иш процессин күчөтүү жана оңдоо иштерин шаар күнүнө карата бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий