• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кеңейтилген жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кеңейтилген жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана эл өкүлдөрү катышты.

Жыйында шаардык кеңешке аткаруу бийлигинен, мекеме-ишканалардан жана жарандардан келип түшкөн каттар боюнча талкуу жүрүп, айрымдары боюнча кайчы пикирлер да жаралды.

Атап айтканда, республикалык бюджеттен бөлүнүүчү 2 млрд сомду курулуучу объектилер, Жалал-Абад шаарынын “2023-2026 –жылдарга туруктуу стратегиялык өнүгүү” программасы, “Түшүм –Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын балансында турган 52 чакырым ички каналдарын мэриянын балансына кабыл алуу жөнүндөгү маселелер талкууга алынып, талаш-тартыш, сунуш-пикирлер менен сессиянын кароосуна жиберилди.

Ал эми “ Борбордук базар”, “Шабдалызар”, “Строймаркет” базарларынын төлөмдүк тарифтерин көтөрүү боюнча шаардык мэриядан келип түшкөн сунуш артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий