• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Асрандиев: 1-майдан баштап өткөрмө кагаздарын берүүдө иштеген операторлордун саны көбөйөт

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Учурда өткөрмө кагаздарын берүүдө 10 оператор иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бизнестин түрлөрү 3 этапка бөлүнүп ишин баштайт. Биринчиси 1-майдан, экинчиси 11-майдан, үчүнчүсү 20-майдан баштап иштейт.

"1-майдан баштап бүт өндүрүш жана курулуш тармагы ишин баштайт. Ошондой эле төйлөө, соода-сатыктын кээ бир түрлөрүнө да уруксат берилет. Такси тармагы да белгилүү талаптар менен ишке кирет", - дейт ал.

Асрандиев маалымдагандай, өткөрмө кагаздарын берүүдө иштеп жаткан 10 операторго кошумча адистер кошулат.

"1-майдан баштап айрым ишканалар иштегендигине байланыштуу операторлордун санын жогорулатып жатабыз. Алардын катарына профилдик мамлекеттик органдарды тартып жатабыз. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинен, Мамкурулуш жана Салык кызматынан жалпы 8 адис 10 операторго кошумча жардамга келет. Бул күндөрү комендатурага көп кайрылуулар туура келерин түшүнүп турабыз, ошондуктан электрондук форматта тариздөөгө керек болгон тизмелерди бизнес ассоциациядан сураш үчүн профилдик мамлекеттик органдарга тапшырма бердик", - дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий