Астана – Бишкек – Астана үзгүлтүксүз аба каттамы жанданды

Коом 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Астана – Бишкек – Астана үзгүлтүксүз аба каттамы жанданды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда "Манас" аэропортунда каттамдын биринчи учагы суу аркасы менен салтанаттуу түрдө тосуп алынды.

Астана – Бишкек – Астана багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды Казакстандын FlyArystan лоукостери ишке ашыр

FlyArystan жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү каттайт. Учуу убактысы 1 саат 45 мүнөт.

Авиакомпаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, жайкы мезгилде Бишкектен Астанага билеттердин баасы 75 доллардан башталып, борттогу орун жана 5 кг 1 даана кол жүк (өлчөмдөрү 56*23*36см ашпаган) кирет.

Бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча "МЭА" ААК FlyArystan авиакомпаниясы менен байланышууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий