• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда "Бишкек-Арена" муз аянтчасында спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) боюнча 17 жана 23 жаштагылар арасында (U17, U23) Азия чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш он салмактык категорияда өтүп, 60 комплект медаль ойнотулат. Жалпы 30дан ашык өлкөдөн 450дөн ашуун спортчу катышууда.

Белгиленгендей, мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча (U17) төмөнкү салмак категориясында балбандар күч сынашууда: 45-48-51-55-60-65-71-92- 110 кг;

Эскерте кетсек, мелдеш күн сайын саат 10:30да, ал эми финалдык беттештер саат 18:00до.

Пикир

Оставить комментарий