Бишкек, 29.10.22./Кабар/. Астана шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү уланууда, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.
Алсак, 28-октябрда Кыргызстандын маданият күндөрүнүн программасы Улуттук "Манас" театрынын концерттик программасы менен уланды.
Ал Роза Багланова атындагы Мамлекеттик "Казахконцерт" мекемесинде өттү. Мындай концерттик программа аталган театрда эмгектенген чыгармачылык топтун чет өлкөдөгү алгачкы концертинин бири болду.
Манас айтылып, дастан жана ашыктык ырлары ырдалып, айтыш өнөрү менен бирге комуз, кыл кыяктын абазы жаңырды.
Иш-чарага Астанада жашап жаткан мекендештер жана коомчулук катышты.
Пикир
Оставить комментарий