Астанада ШКУ жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Отурум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өттү.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча лидерлер тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясы.

2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин “Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө” Шанхай кызматташтык уюмунун демилгесин бекитүү жөнүндө чечими.

3. Шанхай кызматташтык уюмунун 2035-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын долбоору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун ишин жакшыртуу боюнча сунуштары жөнүндө Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

5. Беларусь Республикасын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө кабыл алуу жол-жобосун аяктоо жана ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет статусун берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими.

6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Беларусь Республикасына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет статусунун берилишине байланыштуу үлүштүк төгүмдөрү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими .

7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

8. Шанхай кызматташтык уюмунун 2024-2029-жылдарга баңгизатка каршы стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

10. Шанхай кызматташтык уюмунун 2030-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

11. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин инвесторлорунун ассоциациясы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

12. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоого алынган жаратылыш аймактары (өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, корголуучу жаратылыш аймактары) жана эко-туризм чөйрөсүндө кызматташуусун өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

13. Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарын 2024-2025-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

14. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттер менен Шанхай кызматташтык уюмунун диалог боюнча өнөктөштөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча Жол картасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими

15. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун долбоордук ишмердүүлүгүн финансылык жактан камсыз кылуу механизмдери жөнүндө чечими.

16. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия регионалдык маалыматтык координациялык борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу жөнүндө чечими.

17. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү планы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

18. Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

19. Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

20. Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын баяндамасы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

21. Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн кеңешинин отчету жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

22. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун ынак коңшулук, ишеним жана чек ара өнөктөштүк принциптери жөнүндө билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

23. Шанхай кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин ичүүчү суунун жана канализациянын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

24. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин калдыктарды натыйжалуу башкаруу боюнча билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

Мындан башка, жыйындын алкагында кол коюлган документ:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Пикир

Оставить комментарий