• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Атамбаев Путин менен бейформал жолугушту

Президент 0


Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаев кечээ Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында РФ Президенти Владимир Путин менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Россиянын эки жактуу кызматташууларынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле, сапардын алкагындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий