• 87
  • 90.43
  • 0.88

Астанада Жээнбек Кулубаев БУУ өкүлү Наталья Герман менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Күн мурун, 13-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Астана шаарында Азиядагы ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI Саммитинин алкагында өттү.

Ж.Кулубаев 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган куралдуу аракеттери жана Кыргызстандын жапа чеккен чек ара аймактарындагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

Министр Ж.Кулубаев кыргыз тарап бардык талаштарды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү принциптерин карманарын баса белгилеп, ошондой эле Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин жана эки тараптуу келишимдерди сактоого умтула турганын ырастады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы БУУнун Борбордук Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун конфликттик кырдаалдардын алдын алуудагы, ошондой эле региондун мамлекеттеринин ортосундагы чыр-чатактын курч фазаларына өз убагында чара көрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, Аймактык борборду бул багытта жигердүү иш алып барууга чакырды.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын БУУ алкагында, анын ичинде Борбордук Азиядагы аймактык кызматташуу боюнча Аймактык борбору менен туруктуу өнүгүүнү бекемдөө, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруу, кызматташуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий