• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Бишкекте кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, кыргыз эл артисттери Асаналы Бейшеналиев, Гапар Айтиевдин уулу Сатар Айтиев жана бир катар өнөр адамдары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Гапар Айтиев тууралуу эскеришип, анын кыргыз маданиятына кошкон салымын белгилеп өтүштү.

Гапар Айтиев 1912-жылдын 28-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн кыштагында төрөлгөн. 20 жашында Агартуу институтун бүтүрүп, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. 1935-38-жылдары Москвадагы көркөм окуу жайында окуп, ал жакта көлөмдүү эмгектерди жараткан алгачкы кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн бири болгон.

Пикир

Оставить комментарий