• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садык Шер-Нияз Франция сенатору менен парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 14.10.22./Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франция Сенатынын сенатору, "Франция – Борбор Азия" достук тобунун төрагасы Эрве Мори менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Шер-Нияз Кыргызстандагы маанилүү саясий өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, жаңы Конституциянын кабыл алынышына, башкаруунун жаңы формасынын, ошондой эле жаңы шайлоо системасынын киргизилишине көңүл бурду.

Тараптар кыргыз-француз мамилелеринин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен тараптар 2023-жылы эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда визиттерди алмашуу ниетин ырасташты.

Соңунда КР Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн Франциянын Сенатына таанышуу сапарларын уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн урматына биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий