• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ОшМУ Казакстандагы Евразия улуттук университетинде филиалын ачты

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Казакстандын Астана шаарында жайгашкан Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин (ЕУУ) базасында Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) филиалы ачылды.

КР ТИМден билдиришкендей, филиалдын ачылышы 24-апрелде өтүп, ага Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан Садыков, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган Ош мамлекеттик университетинин делегациясы катышты.

Иш-чаранын алкагында ошондой эле Л. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде Кыргыз тили жана маданияты борборунун ачылышы болду.

Элчилик жаңы ачылган борборго мурда КРнын Маданият, спорт маалымат жана жаштар саясаты, илим жана билим берүү министрлигинен алынган окуу куралдарын жана көркөм адабияттарды тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки университеттин мындан аркы кызматташтыгы квалификациялуу кадрларды даярдоого, билим берүү кызматтарын өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы профессионалдык жана билим берүү программаларын киргизүүгө жана ишке ашырууга ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий