• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кара-Кулжада куткаруучулар каналга түшүп кеткен жарандын сөөгүн чыгарышты

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Кара-Кулжада куткаруучулар каналга түшүп кеткен жарандын сөөгүн чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылынан агып өткөн каналга 42 жаштагы Ж.Э. аттуу адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн

Жаранды издөө үчүн 17 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий