• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кышы жанындагы үйгө урап түшкөн

Кырсык 0

Бишкек, 27.03.22. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдүн кышы жанындагы үйгө урап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-мартта Биринчи май районунун Жаш Гвардия бульварында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары (кирпич) жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөн.

Натыйжада батирлердин биринин шыбы урап, 1958-жылы туулган П.Г. аттуу аялдын үстүнө түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен аталган аял жаракат алып тез жардам жеринде көрсөтүлдү. Бирок, жабыркаган аял ооруканага баруудан баш тарткан.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий