• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Статистика: Акыркы суткада 13 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 28-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 13 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, бир адам каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 92 бейтап, амбулатордук түрдө 50 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 181 киши айыгып чыкса, 2 миң 985 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий