• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акматова: Кыргызстанда коронавирустан 5 медициналык кызматкер каза болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан 5 медициналык кызматкер каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, 4 дарыгер жана бир медкызматкер COVID-19 оорусунан каза болгон.

“Медиктер күнү-түнү иштегендиктен ооруп калууда. Эң негизгиси иммунитетти көтөрүш керек. Адамда кошумча оорусу болсо, анда тез арада ооруп жатат. Медкызматкерлер арасында ооруга кабылгандардын саны көбөйгөнүнүн себеби алар күндүз да кечинде да иштеп жатышат. Бул өз учурунда иммунитеттин начарлоосуна алып келип, ооруга чалдыгуусун шарттайт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 11 миң 117ге жетти. Алардын ичинен 1781и медицина кызматкери. Илдеттен 3460 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 147 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий