• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өткөн сутка ичинде 7 миң 197 адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 197 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 75 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 122 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 905 миң 650 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 686 миң 505 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий