• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Сокулук районундагы Совхоз Фрунзе көчөсүндө "Ауди 100" үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарынын Чечебаева көчөсүндө жалпы аянты 75 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Базар-Коргон районунун Мондошев көчөсүндө жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыздык мамиле кылуу.

Пикир

Оставить комментарий