• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Кечээ, 28-ноябрда кечки саат 19:02де Нарын облусунунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 4 балл, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жан-Булак, Куланак, айылдарында 3,5 балл, Шоро, Ылайлуу-Суу, Учкун, 8-Март, Миң-Булак, Жалгыз-Терек айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий