• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алгач аялына анан өзүнө кол салган: Аламүдүндөгү жубайлардын өлүмүнүн чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаш жубайлар уруша кетишип, окуя экөөнүн өлүмү менен аяктаган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 24-декабрында Аламүдүн райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталга бычактан жараат алган аялды алып келишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине дароо тергөө-ыкчам тобу барган. Алган жараатынан улам жаш келин ооруканадан каза болгон, ал 24 жаштагы Ы.П., экендиги маалым болгон.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык-кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча каттоого алынган.

Ошол эле күнү болжол менен саат 21:20да милицияга дагы бир билдирүү түшүп, анда Арашан айылындагы аймактык ооруканага бычактан жараат алган жаш жигитти алын келишкендиги кабарланган.

Алдын ала маалыматка ылайык ал өз өмүрүнө өзү кол салган. Жерине ыкчам топ барып, жигиттин өздүгүн такташкан. Ал 28 жаштагы Ч.Р., аттуу жаран болуп чыккан, алган жараатынан улам ал дагы көз жумган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө маркумдар жубайлар экендиги аныкталган.

“Алар үч жыл чогуу жашап, эки бойго жете элек баланы тарбиялап келишкен. Алдын ала маалыматка караганда, алар Горная Маевка айылында уруша кетишип, күйөөсү аялына бычак сайып, андан кийин өзүнө кол салган”, - деп билдиришти милициядан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Сотко чейинки териштирүүнү Аламүдүн райондук ИИБси жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий