• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түштүк магистралдагы жол кырсыгынан эки адам жабыркады - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) менен Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 23-сентябрда саат 8:15тер чамасында "Фольксваген" жана "Тойота Камри" унаалары кагышты.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсыктан эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Эки унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий