• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Асылбек Жээнбековду эл тандаган, ошондуктан ал мандатын тапшырбашы керек – депутат

Коом 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду эл тандаган, ошондуктан ал мандатын тапшырбашы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Токторов билдирди.

Ал билдиргендей, Асылбек Жээнбековду эч ким дайындаган эмес, аны эл тандаган.

“Республика боюнча ал жакшы добуш алган. Бул КСДПга жакшы добуш топтогонго шарт түздү. Элдер ага ишеним артышкан. Эгерде ал кетсе, элдин ишеними эмне болот?”,-деп билдирди ал.

Токторов билдиргендей, Асылбек Жээнбеков кандайдыр бир таасир берүүдөн аралыкты кармап турат жана кадр маселесине аралашкан жок. “Мен аны 30 жылдан бери билем, ошондуктан да айта алам. Ал бир нерселерди уюштуруп жүрөт деген жалган”,-деп кошумчалады эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий