• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдөгү №14 абактын 5 тарбиялануучусуна Кыргызстандын жарандык паспорту берилди

Коом 0

Бишкек, 29.13.23. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы №14 мекеменин 3 тарбиялануучусуна жана тергөө изоляторунда кармалган 2 өспүрүмгө өлкөнүн жарандык паспорттору тапшырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, өспүрүмдөрдүн жашоосундагы бул маанилүү окуя колониянын кызматкерлеринин аракети менен ишке ашты.

Өздүк күбөлүк КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы №716 токтомуна ылайык алынды. Эске салсак, бул токтом ЖАТтын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга жана шектүү же айыпталуучу катары кармалган адамдарга 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын жаранынын паспортун тариздөө жана берүү үчүн документтерди кабыл алууну регламенттөөгө багытталган.

Жалпысынан 2023-жылдын башынан бери №14 мекеменин отряд башчылары 15 соттолгон жана камакка алынган өспүрүмдөрдү паспорт менен камсыз кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий