Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине карата даярдык иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Ат-Башы ГЭСинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында күз-кыш мезгилине карата ыкчам даярдануу иштери жүргүзүлүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, планга ылайык 21 оңдоп-түзөө жана 4 иш-чара, 1 капиталдык курулуш аткарылат. Анын ичинен завод боюнча 21 иш-чаранын 14тү аткарылып, 7 иш-чара планда белгиленген мөөнөтү менен аткарылат.

Учурда ГЭСтин негизги жана көмөкчү жабдуулардын бардык учурдагы оңдоо иштери бекитилген график боюнча аткарылууда:

  • ГЭСтеги №4 ГА профидактикалык кароодон өткөрүү иштери;
  • аба чубалгысы В-ВЛ-110Кв үгүттө учурдагы оңдоо;
  • көмөкчү жабдууларда артезиандык жана дренаждык насостор техникалык кароодон өткөрүлдү.

Ат-Башы ГЭСинде аткарылып жаткан иштердин тизмеси:

1. Курулуш жана эксплуатациялоочу суу өткөргүчтүн жогорку тарабын (СЭВ) оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталып, учурда порталда көрсөтүлгөн экспертиза 2024-жылдын 20-июнунда өтөт.

2. ГЭСтин эксплуатациялык суу төгүүчү жайынын кире бериш башынын (алдыңкы камерасынын) түбүнүн металл каптоосун оңдоо иштери башталууда. Учурда РСУ "ОРЕНТЕКС" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн, подрядчылар объектке бардык керектүү жабдууларды жана шаймандарды алып келишкен.

3. Азыркы учурда суу сактагычтын түбүндө жана металл прокладкаларынын бетинде көп жылдык ылай жана топурак калдыктарынан тазалоо иштери пландалууда.

4. ЭТЛ лабораториясында, ЭМС цехинин ГЭСтин имаратында, терезе жана эшик блокторун пластикалык блокторго алмаштыруу иштери аткарылат. Алар: Зал, кызматтык батир, жыйын залы, котельная, ашкана, фельдшердик - акушердик пункт, пост, 2-кабат, борбордук кабиналарда алмаштырылат. Айтылган жумуштар порталда жайгаштырылган, келишим түзүү стадиясында.

Мындан тышкары, Ат-Башы ГЭСинин аймагындагы №2 күзөт постун куруу пландалып, "Алимдар" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Учурда келишимдик милдеттенмелерди аткаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий