• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Үч күн мурда Ат-Башы каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Аламүдүн районунун Октябрь айылында Ат-Башы каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, 40 жаштагы жарандын сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат үч күн мурда түшкөн.

Издөө иштерине жалпы 9 куткаруучу тартылып, бүгүн саат 11:57де чөккөн жеринен суу агымы менен бир чакырым жерден куткаруучулар сөөктү таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери 60 адам сууга чөккөн, анын ичинен 41 учур жай мезгилинде катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий