Кыргызстанда жай мезгили башталгандан бери 41 адам сууга чөккөн

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 60 адам сууга чөккөн, анын 41и жай мезгилинде чөккөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33%га өскөн.

“Сууга чөккөндөрдүн 56 пайызы эркектер, 31 пайызы 1 жаштан 2 жашка чейинки балдарды түзөт. Кырсыктын негизги себеби – сууга түшүүгө тыюу салынган объекттер: каналдар, көлмөлөр, дарыялар, суу сактагычтарга түшүү болуп саналат. Ошондой эле сууга чөгүүнүн дагы бир себеби мас абалында суу жээгинде эс алуу болуп саналат”, - деп белгилешти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий