• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Тазалык тартибин орнотуу. Ыктыярчылар "Тазалыкка" жардамга келишти

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Бишкекте тазалык тартибин орнотуу үчүн “Тазалык” ишканасына ыктыярчылар жардамга келишти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ар бир райондо бирден ыктыярдуу топ иштейт. Ишембилик өткөрүү үчүн аймакты жана шаймандарды “Тазалык” муниципалдык ишканасы бөлүп берет. Ошондой эле активдүү катышуучуларга ар кандай сыйлыктар каралган.

Активисттер ишкананын кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзгөн, бирок техникалык карталар жок жерлерди иретке келтирүүгө жардам беришет.

Белгилей кетсек, "Тазалык" ишканасынын жетекчилиги шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган тургундардын сунушун эске алынып, атайын жаңы программа ачкан — Ыктыярчылык.

Эгерде ыктыярчы болууну кааласаңыз "Тазалык" ишканасынын инстаграмдагы баракчасына жеке кат аркылуу (direct) аты-жөнүңүздү жана байланыш номериңизди жөнөтүп коюу гана жетиштүү болот.

Пикир

Оставить комментарий