• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эгемендүүлүк жана Билим күнүнө карата милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-августта Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратында жана аймактык күзөт бөлүмдөрүндө саптык кароолор өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, саптык кароо Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары Ралис Касановдун катышуусунда өттү.

Касанов кызматкерлердин кийим-кечегин, кызматтык күбөлүктөрүн жана тыкандуулугун текшерип, орун алган кемчиликтерди оңдоону тапшырды.

Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь - Билим күнүн майрамдоого карата ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби боюнча республика боюнча салтанаттуу иш-чараларга Күзөт кызматынын райондук бөлүмдөрүнүн миңден ашык кызматкерлери аймактык ИИОнун бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий