• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Кечеде "Кыргызкөмүр" ишканасын басып алышты

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрь күнү болжол менен саат 15:00дө Нарын облусунун Жумгал районудагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалын 100гө жакын белгисиз адам басып алды. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Маалыматка ылайык, көмүр кенин басып алуу жана кол салууну "Саяк" каймана аты бар криминалдык авторитет уюштурган. Кол салгандар көмүрдү сатуудан түшкөн жарым миллионго жакын акча каражатын филиалдын касса кызматкерлеринен тартып алышкан. Ошондой эле алар филиалдын директорун, башкы инженерди өз ыктыяры менен арыз жазууга мажбур кылып, жетекчиликтин баарын алмаштырууну талап кылышууда. Ошол эле учурда көптөгөн унаалар кенден документи жок, акча төлөбөстөн чыгып жатышат", - деп билдирет ишкана.

Ишкана белгилегендей, жогорудагы жагдай жана көмүр кенин басып алуу алдыдагы күз-кыш мелгилине терс таасирин тийгизет. Учурда ишкананын жетекчиси
Канатбек Ашырбаев чара көрүүсү үчүн УКМК, ИИМ жана жаңы түзүлгөн координациялык кеңешке арыз жазган.

Пикир

Оставить комментарий