• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна орнотулган дезинфекциялоочу туннель иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна орнотулган дезинфекциялоочу туннель иштей баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын облусунун аймагына дезинфекциялоочу туннель орнотулган.

Тактап айтканда, 22-апрель күнү Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын 210-чакырымындагы санитардык-карантиндик постуна унаа каражаттарын дезинфекциялоочу туннель коюлуп, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Аталган дезинфекциялык туннель ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалып, 20-апрель күнү орнотулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймагында, жарандар көп бара турган объектилерде: дүкөн, банк, базар, дарыкана, негизги жолдор жана башка коомдук жайларда уланууда.

Пикир

Оставить комментарий