• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сузак району боюнча 55ке жакын почта кызматкери пенсия таратууда – Жолборсов

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Сузак району боюнча 55ке жакын почта кызматкери пенсия таратууда. Бул тууралуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук филиалынын башчысы Жаныбек Жолборсов билдирди.

Анын айтымында, Сузак районунда 29 миң пенсионер бар. Алардын ичинен 9 миң 100гө жакын пенсионерге пенсиялары почта аркылуу жеткирилчү. Калган пенсионерлер акчаларын банктар аркылуу алып келген. Учурда алардын баарына пенсиялары почта аркылуу жеткирилүүдө.

"Сузак району боюнча 55ке жакын почта кызматкери пенсия таратууда. Алардын баары коргоочу каражаттар менен камсыз болгон", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий