• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-августта саат 15:37де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургач айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий