Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан орто мектептин окуучуларына январь айындагы кышкы эс алуу каникул убагында ар кандай мыйзамга каршы көрүнүштөрдү алдын алуу максатында милициянын көчмө кабылдамасы менен окуучуларга Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу Таш-Рабат, Кошой-Коргон тарыхый этнографиялык баалуулуктарды жана музейди көрсөтүү менен эс алуу учурунда жакшы маанай тартуулашты. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын маалымат кызматы билдирет.
Ошондой эле балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору Ат-Башы айылындагы "Кызыл-Бурч" стадионунда жайгашкан муз тебүүчү жайга да окуучуларды алып келип эс алдырып кетишти.
Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка, ар кандай укук бузуучулукка жол бербөө максатында бир катар иштер аткарылып жатат жана дагы да иш-чаралар уюштурулууда.
Пикир
Оставить комментарий