Ат-Башы районунда салык кызматтарын “Бирдиктүү терезе” аркылуу ала башташты

Экономика 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгы иштин жаңы форматына өтүп, ал жерде салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору – “Бирдиктүү терезе” иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Анын расмий ачылышына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Ат-Башы районунун акими, салык органынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле салык төлөөчүлөр катышкан.

Ат-Башы районунун салыкчылары эми жарандарга жана салык төлөөчүлөргө салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрүн бир жерден көрсөтө башташты. Атап айтканда, салык төлөөчүлөрдү каттоо, декларацияларды, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду кабыл алуу, патенттерди жана камсыздандыруу полистерин, башка маалымкаттарды берүү ж.б. Ошондой эле бул бөлмөдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн банктын кассасы болот.

“Бирдиктүү терезенин” иштөөсү жарандар үчүн салык милдеттенмелерин аткарууларын бир кыйла жөнөкөйлөтүп, убактыларын үнөмдөйт.

Белгилей кетсек, учурда 44 салык органында “бирдиктүү терезе” иштеп жатат. Мындан тышкары, жер-жерлердеги ишкерлердин салык органына барбастан салыктык кызматтарын пайдаланууга ыңгайлуу болуусу үчүн ири базарларда жана соода түйүндөрүндө ушул сыяктуу сервистик борборлор иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий