• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 17-январга дайындалды

Коом 0

Бишкек, 04.01.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 17-январга дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шайлоо 17-январга (саат 09:00-12:00) белгиленген.

"Депутаттардын көпчүлүгү "баарына каршы" деп добуш бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. Добуш берүүгө айылдык кеңештин 11 депутатынын баары катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий