• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сатыбалды Далбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

Коом 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Кыргыздын улуттук маданияты менен искусствосу оорду толгус оор жоготууга учурады. Сатыбалды Далбаев 2019-жылдын 29-апрелинде 85 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды.

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа кыштагында жарык дүйнөгө келген.

1952-жылы Жалал-Абад шаарындагы мектеп-интернатты бүтүрүп, ошол эле жылы Москвадагы А.В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөр институтуна өтөт.

Сатыбалды Далбаев студенттик мезгилден тартып эле чыгармачыл дареметинин күчтүү жагын көрсөтүп, кыргыз студиясы тарабынан коюлган дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ойноп келген.

1957-жылы жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүрүп, Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрына артист болуп кабыл алынат.

Сатыбалды Далбаевдин бүткүл өмүрү улуттук театрдын сахнасында өттү. Сахнадагы 60 жылга жакын чыгармачыл өмүрүндө жүзгө жакын дүйнөлүк, орус жана кыргыз драматургдарынын 100дөн ашуун спектаклдеринде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.

Сатыбалды Далбаев Н. Погодиндин, К. Паустовскийдин, И. Поповдун, К. Маликовдун чыгармаларында В.И. Лениндин образын жогорку чеберчиликте, бийик деӊгээлде жаратып, дээрлик 20 жыл бою театрдын сахнасында тынымсыз ойноп келди.

Ал театр сахнасында орто кылымдын чыгаан акыны Омар Хаямдын, кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмери Т. Усубалиевдин, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун образдарын да өтө таасирдүү, бийик чеберчиликте аткарды. Сатыбалды Далбаев ойногон “Күнөөсүз күнөөлүүлөрдөгү” Незнамов, “Балдар бойго жеткендеги” Маке, “Жамийладагы” Сейит, “Алтын аяктагы” Миңжашар, “Уурдалган өмүрдөгү” Эйдзи, “Мүрөктүн суусундагы” Кырбаш , “Трибуналдагы” Комендант, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай дагы” Карыя ж. б. ролдору улуттук сахна өнөрүбүздүн көөнөргүс классикасы болуп саналат.

Улуттук театр искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып, Сатыбалды Далбаев Кыргыз ССРинин эл артисти наамын алган, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына арзыган.

Сатыбалды Далбаевдин улуттук өнөргө кошкон зор салымы жогору бааланып, III-даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы ыйгарылган. Таланттуу актер “Руханият” жана Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктарына ээ болгон. 2000-жылы Сатыбалды Далбаевдин ысымы туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий