• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

18-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 18-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1...+4, Талас облусунда -2...+3, Ош, Жалал-Абад облустарында +5...+10, Баткен облусунда +6...+11, Ысык-Көл облусунда -3...+2, Нарын облусунда -5...-10 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +2...+4 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий