Ат-Башыда бийик тоолуу чек ара заставасына электр энергиясын өткөрүү жумуштары аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Ат-Башы районунда алыскы бийик тоолуу чек ара заставасына электр энергиясын өткөрүү боюнча жумуштары аяктап калды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу чек ара заставасына электр энергиясын өткөрүү боюнча жумуштары аяктап калды.

30 жылдан ашуун убакытта заставанын күнүмдүк жашоо тиричилиги дизелдик электр станциясынан көз каранды болуп келген, ошого байланыштуу электр энергиясы бекитилген убакта гана чектелген көлөмдө берилчү.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон планынан сырткары иш сапарында бул чек ара заставасына барып жеринен тишелүү мамлекеттик органдарга жыйырма күндүн ичиниде чек ара заставасына өнөр-жай электр энергиясын тартып берүү тапшырмасын койгон.

Бүгүнкү күндө трансформатор жана мамычаларды орнотуу жумуштары аяктап калды. Жумушчулар подстанциянын ишин жөнгө салуу жана жогорку чыңалуудагы зымдарды тартуу иштерин аткарып жатышат.

Чек ара заставасында өнөр-жай электр энергиясынын бар болушу бир гана мамлекеттик чек ара кайтаруунун жөндөмдүүлүгүн жогорулатпастан катаал климаттык шартта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо шарттарын да бир кыйла жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий