Ат-Башыда катуу шамалдын кесепетинен 5 жаран жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылды

Аймак 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жабыркаган беш адамдын үчөө ооруканага жаткырылган. Алардын ичинде 2 бала бар.

Нарын облусунун башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу жабыркап, Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган жарандардан кабар алып, аларга материалдык колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-майда Ат-Башы районунда 6 саатка созулган ылдамдыгы секундасына 24-27 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Анын кесепетинен 5 адам жабыркап, 36 турак үйгө жана 6 социалдык объектиге зыян келтирилген.

Жеринде жарандык коргонуу кызматынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тапшырмалары берилген.

Пикир

Оставить комментарий