• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ат-Башыда маданият тармагына бөлүнгөн каражат кымырылгандыгы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Ат-Башыда маданият тармагына бөлүнгөн каражат кымырылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан, мамлекеттик сатып алуунун жыйынтыгы менен жеңүүчү болуп табылган, “Ат-Башы Жаштар Курулуш” ЖЧКсы менен 2019-жылдын 13-сентябрында Ат-Башы айылындагы С.Андабеков атындагы маданият үйүнүн имаратында 16 млн 685 миң 234 сомдук капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү жөнүндө келишим түзүлгөн.

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы “Ат-Башы Жаштар Курулуш” ЖЧКсы 2019-жылдын октябрынан баштап 2023-жылдын майына чейин маданият үйүндө 15 млн 997 миң сомдук капиталдык оңдоо иштерин бүткөрдү деген кабыл алуу актыларын түзүп, акча каражаттары ЖЧКнын эсебине которгон.

Бирок, башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аткарылбаган жумуштарга акча которуп, ошондой эле маданият үйүнө коюлган концерттик отургучтар, кондиционерлер, жылыткычтар, насос, суу жылыткычтарды базар баасынан кымбат баада мыйзамсыз кабыл алышкан. Анын кесепетинен мамлекетке 1 млн 604 миң 259 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аныкталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы РИИБнин тергөө кызматына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий