Нарын облусунун башчысы Ат-Башыдагы спорт комплексинин сапатсыз курулушун өз көзөмөлүнө алды

Аймак 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Ат-Башыдагы С.Андабеков атындагы райондук маданий спорт комплексинин сапатсыз курулушун өз көзөмөлүнө алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган спорт комплексине мамлекеттик бюджеттен 27 млн 871 миң сом бөлүнүп, капиталдык одоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Курулуш ишин "Ат-Башы жаштары курулуш" ишканасы жүргүзгөн. Бирок, оңдоп-түздөө иштери сапатсыз жасалгандыктан учурда жергиликтүү жетекчилик имаратты кабыл алуудан баш тартууда.

Бул маселени министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен бирге жеринде көргөн облус жетекчиси Алтынбек Эргешов курулуш ишканасынын жетекчиси Акылбек Ыдырысовго 15 күндүн ичинде кемчиликтерди жоюп, калыбына келтирип берүүнү катуу эскертти.

Ошондой эле өкүл курулуштун сапатын башынан көзөмөлдөбөгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, спорт комплекстин жана облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилигине катуу сын айтып, кемчиликти тез арада жоюуну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий