• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ат майданда жардыруучу зат табылган – УКМК

Коом 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Ат майдандан жардыруучу зат табылды,-деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда болжол менен саат 20:00дө Бишкек шаарынын “102” нөөмөт бөлүмүнө шаардагы ат майдандын дарбазасынын жанында шектүү зат бар экендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам түрдө ИИМ жана КР УКМКнын кызматкерлери барышкан. Ат майдандын айланасы курчалган.

Текшерүү кезинде дат басып, пайдаланууга жарабай калган танкка каршы колдонулуучу мина табылган. Жанына башка эч кандай шектүү курал же жардыруучу зат табылган эмес.

Табылган мина жок кылуу үчүн полигонго алынып барылган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий